ż۹ʴý

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

Results: 4989

26
Aug
 
Айдай Абылаева: «БААУда өткөрө турган төрт жылым жигердүү өнүгүүнүн мезгили болушун каалайм»
Айдай Абылаева — Нарын облусунун Кочкор районундагы Нинакан Жүндүбаева атындагы мектептин бүтүрүүчүсү жана Жалпы республикалык тестирлөөнүн алтын сертификатынын ээси. Бул жылы ал 239 упай алды — бул өлкө боюнча эң жогорку эки жыйынтыктын бири жана тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку упай болуп калды. Биз Айдайдан университетти тандоосу, окуусу жана студенттик турмуштан күткөн үмүттөрү тууралуу айтып берүүсүн сурандык.
25
Aug
 
«Mirrors» студенттик театрынын бет ачары
2026-жылдагы Багыт алуу программасынын экинчи жумасынын башындагы эң жаркын окуялардын бири «Mirrors» студенттик театрынын чыгуусу болду.
25
Aug
 
Сезимай Акматова: «Алтын сертификат максатыма жакындашууга мүмкүнчүлүк болду»
Баткен облустук жалпы билим берүү мектеп-интернатынын бүтүрүүчүсү Сезимай Акматова жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку натыйжалардын бирин — 239 упай чогултуп, алтын сертификатка ээ болду.
21
Aug
 
Багыт алуу программасы 2026нын биринчи аптасы жыйынтыкталууда
Биринчи курстун студенттери кампусту өздөштүрүшүүдө, бири-бири, ыктыярчылар жана окутуучулар менен таанышышууда. Аптанын маанилүү окуяларын эскерели.
19
Aug
 
ż۹ʴýGRAPHIA’26: драйв, ылдамдык жана командалык дух
Драйв, адреналин, ылдамдык, жаркын таасирлер – мунун баары ż۹ʴýGRAPHIA’26! 11 команда, 11 станция. Тапшырмаларды ким баарынан тез аткарып, бардык жумурткаларды чогулта алат?
18
Aug
 
БААУга кош келиңиздер!
Кечээ, 17-августта “Келечекке көпүрө” аттуу Багыт алуу программасы старт алды. Бул жылы университеттин коомчулугуна 511 биринчи курстун студенти кошулду. Программанын биринчи күнү жаңы студенттер үчүн адаттагыдай эле өзгөчө окуяга айланды: университет менен таанышуу, кызыктуу иш-чаралар жана салтанаттуу тосуп алуу аземи жаңы жашоодогу алгачкы кадамдарды жаркын жана унутулгус кылууга көмөктөшөт.
12
Aug
 
“Келечекке көпүрө” Багыт алуу программасы 2026
Биринчи курстун студенттерин окууга өтүшү менен куттуктайбыз! Сиздер абдан чоң эмгек жасадыңыздар, кабыл алуу сынактарын ийгиликтүү тапшырып, Кыргызстандын мыкты университетине окууга кирдиңиздер!
7
Aug
 
БААУнун Жаңы муун академиясы: Болочок студенттер үчүн даярдоо программасы
БААУда билим алууну кыялданасызбы, бирок, кабыл алуу сынактарында зарыл болгон упайларды чогулта алган жоксузбу? Же болочок кесибиңиз боюнча бир чечимге келе элексиз жана мектепти аяктагандан кийин кыска тыныгуу алдыңызбы? БААУнун Жаңы муун академиясы (ЖМА) бир жылды пайдалуу өткөрүп, университетке окууга тапшыруу үчүн даярданууга жардам берет.
4
Aug
 
БААУнун окутуучусунун изилдөөсү “Scientific Reports” журналына жарыяланды
2026-жылдын жылдын 20-июлунда «Scientific Reports» (Nature Portfolio басмаканасы) эл аралык илимий журналына Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ) “Антропология” департаментинин деканы Аида Абдыканованын Батыш Мичиган университетинин (АКШ) жана Вена университетиний (Австрия) изилдөөчүлөрү менен биргеликте жазган макаласы жарык көрдү.
31
Jul
 
БААУ QS дүйнөлүк рейтингинде өз ордун бекемдеп, кайрадан Кыргызстандын мыкты жогорку окуу жайы аталды
Борбордук Азиядагы Америка университети QS World University Rankings 2027 тандоосу боюнча кайрадан эле мыкты ата мекендик университет деп табылды.