ż۹ʴý

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

Сезимай Акматова: «Алтын сертификат максатыма жакындашууга мүмкүнчүлүк болду»

25&Բ;августа&Բ;2026

Баткен облустук жалпы билим берүү мектеп-интернатынын бүтүрүүчүсү Сезимай Акматова жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку натыйжалардын бирин — 239 упай чогултуп, алтын сертификатка ээ болду. Ал билимин Борбордук Азиядагы Америка университетинде улантууну чечкен. Биз Сезимайдан өзү жөнүндө жана тандоосуна эмне таасир эткени тууралуу айтып берүүсүн сурандык.


— Өзүңүз жөнүндө кыскача айтып берсеңиз.
— Мен Баткен облустук жалпы билим берүү мектеп-интернатынын бүтүрүүчүсүмүн. Быйыл негизги ЖРТда эң жогорку натыйжалардын бирин — 239 упай алып, алтын сертификатка ээ болдум. Мен ар дайым окуу менен гана чектелип калбоого аракет кылчумун. Олимпиадаларга катышып, ыктыярчылык менен алектенип, мектеп окуучулары үчүн билим берүү долбоорлорун уюштурчумун. Мен үчүн жөн гана билим алуу эмес, аны башкаларга пайда алып келе тургандай колдонуу маанилүү. Ошондуктан ар дайым активдүү болууга жана өзүмдү ар кандай багыттарда сынап көрүүгө аракет кылам.

— Эмне үчүн дал БААУга тапшырууну чечтиңиз?
— Мен БААУну тандадым, анткени анын билим берүүгө болгон мамилеси мага жакын. Мында студентке жөн гана билим бербестен, көз карандысыздыкты, сын көз карашта жүгүртүүнү жана университеттен тышкары да керек болуучу көндүмдөрдү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк беришет. Мага ошондой эле эл аралык атмосфера жана активдүү, амбициялуу адамдардын курчоосунда окуу мүмкүнчүлүгү жагат. Студенттик жылдарымды дал ушундай чөйрөдө өткөрүп, университет берген бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонгум келет.

— ЖРТнын алтын сертификаты университет тандооңузга кандай таасир этти?
— Алтын сертификат мага түрдүү университеттердин арасынан тандоо мүмкүнчүлүгүн берди жана БААУга болгон жолумду кыйла жакындатты. Бирок БААУнун өзүн мен ЖРТнын жыйынтыгын билгенге чейин эле тандагам. Бул жерде окууну эбак эле каалап жүргөнгөм, ошондуктан алтын сертификат мен үчүн тандоонун себеби эмес, максатыма жакындашуунун мүмкүнчүлүгү болуп калды. Мен аны чындап окугум келген университетке жол ачкан чоң эмгектин натыйжасы катары кабыл алам.

— Эмне үчүн дал Business Administration факультетин тандадыңыз?
— Мен Business Administration багытын тандадым, анткени бизнес чөйрөсүндө өнүгүүнү жана келечекте өзүмдүн долбоорлорумдун үстүнөн иштөөнү каалайм. Мага идеяларды ойлоп табуу гана эмес, аларды кантип туура ишке ашырууну, жумушту уюштурууну жана жыйынтыкка жеткирүүнү түшүнүү да кызыктуу. Бул багыт кеңири билим берип, мени бир гана тармак менен чектебегени жагат. Окуу учурунда өзүмдүн күчтүү тараптарымды жакшыраак түшүнүп, андан ары кайсы багытта өнүгүүнү каалаарымды аныктай алам деп ойлойм.

— Багыт алуу программаңыз кандай өтүп жатат? Эмне өзгөчө эсиңизде калды?
— Багыт алуу программа азыр абдан активдүү жана кызыктуу өтүүдө. Биз университет, окутуучулар жана болочоктогу группалаштар менен таанышып, ар кандай иш-чараларга катышып, БААУдагы студенттик жашоо тууралуу көбүрөөк билип жатабыз. Азырынча эң көп эсимде калганы — жаңы адамдар менен таанышуу жана университеттин өзүнүн атмосферасы болду. Биз жөн гана маалымат угуп отурбастан, чындап пикир алышып, жаңы чөйрөгө бара-бара көнүп жатканыбыз жагат.

— БААУдагы төрт жылдык окуудан эмнелерди күтөсүз?
— БААУдагы төрт жылдан билимди гана эмес, чоң жаңы тажрыйбаны да күтөм. Мен кыйла көз карандысыз болуп, көндүмдөрүмдү өнүктүрүүнү, өзүмдү түрдүү долбоорлордо сынап көрүүнү жана мени андан ары өнүгүүгө шыктандыра турган адамдар менен таанышууну каалайм. ошондой эле университетти дал эмне менен алектенгим келээрин жана андан ары кайда кадам таштаарыма болгон түшүнүк менен аяктагым келет.

— БААУга тапшырууну пландап жаткандарга эмне кеңеш берет элеңиз же каалайт элеңиз?
— Эгерде сиз БААУга тапшырууну кааласаңыз, акыркы мүнөттү күтпөй, даярдыкты алдын ала баштоону кеңеш берет элем. Бул жерде англис тилин идеалдуу билген же эбегейсиз көп жетишкендиктери бар адамдар гана окуйт деп ойлобош керек. Эң башкысы — бул университет сизге эмне үчүн керектигин түшүнүү жана өз үстүңүздөн иштөөгө даяр болуу. Англис тилин өнүктүрүңүз жана жаңы нерселерди байкап көрүүдөн коркпоңуз. А эң башкысы — өз жолуңузду башкалар менен салыштырбаңыз жана өз мүмкүнчүлүктөрүңүздөн күмөн санабаңыз.

<< Назад к списку