Чий салттарын сактоочулары
14&²Բú²õ±è;октября&²Բú²õ±è;2026
БААУнун “Антропология” программасынын магистранты Чолпон Кускакбаева өзүнүн PREF 2025-26 “Искусство, экология жана маданий мурастардын кесилишиндеги чий согуу” долбоору тууралуу айтып берет.
Сентябрь айынын аягында долбоордун жыйынтыктоочу иш-чарасы болгон “Чий салттарын сактоочулары” аттуу арт-көргөзмө болуп өттү. Каалоочулардын баары чий менен иштөөнүн салттуу техникасы жөнүндө көбүрөөк билип, чийден кооздуктарды жасоо боюнча мастер-класска катышып, бул кол өнөрчүлүктү сактап келе жаткан адамдардын таржымалы менен тааныша алышты.