ż۹ʴý

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

БААУда жазгы дармарка жана экоөндүрүшчүлөрдүн жарманкеси

14&Բ;апреля&Բ;2026

#цга#greenauca#CCE

Универсиеттте баары көптөн күткөн жаркын жана эсте калган иш-чаралардын бири - бул Дармарка жана жарманке. Бул кол менен жасалган оригиналдуу буюмдарды сатып алуу же экобуюмдарды алмашуу боюнча пайдалуу экодемилгенин катышуучусу болуу мүмкүнчүлүгү.

Иш-чара “Жашыл БААУ” программасынын алкагында Жарандык активдүүлүк борбору тарабынан Green ż۹ʴý студенттик ыктыярчылык клубу менен биргеликте уюштурулду. Бул ирет дармарканы уюштуруугу “Туруктуу бекем өнүгүүнүн кызыкчылыгы үчүн лидерлик өзгөрүүлөр” курсунун алкагында LAS-департаментинин 4-курсунун студенттери кошулду. Аталган курсту Жанара Кангельдиева алып барат. Студенттер жаңы кооз банкнот-дарстарды жасап чыгышты. Иш-чара үчүн буюмдарды чогултушту, оюндарды өткөрүштү жана ланч учурунда викторина өткөрүштү.
Дармаркага катышуу үчүн кереги жок болгон жакшы абалдагы каалаган буюмду же китепти алып келүү жетиштүү. Анын ордуна жаккан башка нерсени алууга же аны символикалык акчага сатып алууга мүмкүн. Белгилей кетчү нерсе, дармарка – бул буюмдарды же китептерди жөн гана алмашуу эмес. Бул керексиз буюмдарга жаңы жашоо (жаңы кожоюн) тартуулоо жана өзүң үчүн кызыктуу нерсе табуу мүмкүнчүлүгү. Дармаркадан түшкөн каражаттардын баары кайрымдуулук максаттарда жумшалат.

Бара-бара дармарка өтө сапатуу жана уникалдуу буюмдарды алмашуу аянтчасына айланып баратат: кийим-кече, бут кийим же китептерди гана эмес, ошондой эле зер буюмдар, идиш-аяк, оригиналдуу ваза жана статуэткалар, чай сервиздери, сапаттуу бижутерия, атырлар, канцеляриялык товарлар жана башкалар.

Жазгы дармаркага БААУнун коомчулугунан тышкары шаардык 4 мектептин окуучулары да катышты - №10, №46, Кыргыз-Америкалык мектеп жана Америкалык-Европалык мектеп. 40ка жакын окуучу дармаркага көптөгөн буюмдарды, китептерди жана оюнчуктарды алып келип, кубануу менен башка буюмдарга алмаштырышкан. Натыйжада окуучулар өз окуу жайларында ушул сыяктуу дармаркаларды Жашыл БААУ программасынын колдоосу астында уюштуруу тилегин билдиришти.

Жарманкеде 18 өндүрүшчү кол менен жасалган өз уникалдуу буюмдарын тартуулашты. Алардын арасында табигый таштардан жасалган ювелирдик буюмдар, чайырдан жасалган зер буюмдар, улуттук белгилери бар кийим-кече, 3D-оюнчуктар, табигый май, өсүмдүк майлары, таттуу десерттер жана башкалар бар.

Түшкү тыныгуу учурунда экологиялык темада викторина өттү. Суроолорго туура жооп бергендер жарманкенин катышуучуларынан баалуу белектерге ээ болушту.

Мындан тышкары БААУнун китепканасынын кызматкерлери Kahoot! оюнун өткөрүштү. Белгилүү болгондой, апрель айында Бүткүл дүйнөлүк балдар китептеринин күнү белгиленет.

<< Назад к списку