“Кино, телевидение жана медиа искусстволор” факультети
24&Բ;июня&Բ;2025
“Кино, телевидение жана медиа искусстволор” факультети Борбордук Азиядагы Америка университетинин эң жаш факультеттеринин бири болуп, ал 2016-жылы түптөлгөн. Программанын миссиясы – Борбордук Азияда медиа тармагында кесипкөйлөрдүн жаңы муунун тарбиялоо.
Окутуу учурунда билим берүү, жаңылыктар, жарнама жана башка чыгармачыл жана кесипкөйлүк тармагында медиа азыктарды жаратуу үчүн заманбап платформалар менен технологиялар колдонулат. Сиз маркетингдик жана жарнама агенттиктери, телекомпаниялар, киностудиялар, радиостанциялар, онлайн-платформалар, мамлекеттик түзүмдөр, өкмөттүк эмес бирикмелер жана Эл аралык уюмдар сыяктуу потенциалдуу жумуш берүүчүлөрдүн кенен чөйрөсү үчүн зарыл болгон сапаттуу мультимедиялык азыктарды өндүрүүнү үйрөнөсүз.
Факультеттин бүтүрүүчүлөрү АКШ, Европа жана Азиянын университеттеринин магистратура жана докторантураларында билим алуусун уланта алышат. Же болбосо ар кандай багыттарда өз долбоорлорун ишке ашыра алышат.
Программа жөнүндө толук маалыматты бул жерден көрүп алууга болот: , .
Электрондук почта: tcma@auca.kg.
Окууга тапшырууга байланышкан суроолор боюнча чалыңыз жана жазыңыз:
+996 770 00 41 13 (WhatsApp)
Каржылык колдоо:
+996 220 01 90 18