“Антропология жана Эл аралык өнүгүү” магистратурасы
23&Բ;июня&Բ;2025
Антропология жалаң гана салттуу маданияттарды иликтөөнүн чегинен эбак чыгып кеткен. Бүгүнкү күндө бул илим заманбап коомду терең түшүнүүгө жана ар кандай чөйрөлөрдө маанилүү маселелерди чечүүгө жардам берет. Антропологдор өнүктүрүү долбоорлорунда, урбанистикада, билим берүүдө, саламаттыкты сактоодо, экологияда, бизнесте, маркетингде, саясатта жана укукта чоң суроо-талапка ээ. БААУнун магистрдик программасы глобалдык чакырыктарды анализдөө жана чечүү үчүн антропологиялык ыкмаларды пайдаланууга жөндөмдүү адистерди даярдайт.
Программа эмне берет?
- Антропологиянын заманбап жолдору менен ыкмаларынын тереңдетилген билимдерин
- Антропологиянын глобалдык өнүгүү, маданияттар аралык процесстер жана социалдык өзгөрүүлөр менен байланыштарын түшүнүү.
- Тажрыйбалуу насаатчылардын жетекчилиги астында практикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү
- Антропологиянын башка социалдык илимдер жана кесиптер менен өз ара байланышына кенен көз-караш
Факультетте академиялык чөйрө ачылып, анда коомду изилдөөгө ар кандай көз-караштар менен жол тутуулар бааланат
Магистратуранын бүтүрүүчүлөрү Эл аралык жана жергиликтүү өнүктүрүү уюмдарында, мамлекеттик мекемелерде, бизнесте, медиада, маркетингде жана саясатта эмгектенишет. Академиялык карьераны тандагандар БААУнун Бард-колледж, Борбордук-Европалык университет сыяктуу алдыңкы ЖОЖдор менен алмашуу программаларына катышат.
Программа тууралуу кошумча маалымат: ; же жазыңыз: anthropology@auca.kg.