БААУда Эл аралык конференция өткөрүлдү
20&Բ;июня&Բ;2025
12-13-июнда БААУда “Академиялык китепканалар: тренддер жана инновациялар” алгачкы өткөрүлдү. Иш-чараны өткөрүүгө Ош мамлекеттик университети, И. Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университети, Чехия Республикасынын Илимдер академиясы жана Блумингтондогу Индиана университети (АКШ) активдүү катышты.
Конференциянын ачылышында катышуучулар менен БААУнун президенти Тимоти О'Коннор жылуу учурашты. Өз сөзүндө ал уюштуруучуларга, өнөктөштөргө жана демөөрчүлөргө даярдык көрүү баскычында аткарган иш-аракеттери үчүн ыраазычылык билдирди. Тимоти О'Коннор китепканалардын коом, билим берүү жана илим үчүн маанилүүлүгүн белгилеп, “конференция билим жана практикаларды алмашуу үчүн гана эмес, ошондой эле Борбор Азиянын мамлекеттеринин китепканалык коомчулуктары менен Эл аралык өнөктөштөрдүн ортосунда өз-ара бекем аракеттенишүү үчүн негиз болуп калат” деп ишеним билдирди.
Конференциянын ишине жыйырма өлкөдөн 100гө жакын киши катышты. Эки күн аралыгында ар кандай темаларда 40 спикер чыгып сүйлөдү. Сессиялар параллель түрдө эки аудиторияда өттү. Китепканачылар тажрыйбалары менен бөлүшүп, пайдалуу электрондук ресурстар, илимий байланыштардын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтышты. Анан албетте пикир алмашуу да болбой койгон жок.
Конференциянын демөөрчүлөрү - EBSCO, OSUN, IEEE, MikroInformation, MyLoft, OCLC и Clarivate - китепканалар үчүн өз ресурстары менен инновациялык чечимдерин тартуулашты.
Иш-чаранын катышуучулары үчүн окутуу жана дизайн борбору Makerspace`те экскурсия уюштурулду.
Казакстан Республикасынын Улуттук китепканасынын Аида Шоманованын жетекчилиги астындагы реставраторлору БААУнун президенти Тимоти О'Коннор менен жолугушуп, ыраазычылык иретинде “Kazakhstan, My Native Land” уникалдуу китебин белекке беришти.
Катышуучулар белгилеп кеткендей, конференция мыкты уюштурулуп, жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Орун алган эки күн каныккан жана пайдалуу болду. Өзгөчө ыраазычылыкка иш-чараны ийгиликтүү өткөрүүгө чоң салым кошкон ыктыярчылар татыктуу.
Конференциянын материалдары менен БААУнун санариптик таанышууга болот.