ż۹ʴý

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

БААУнун Бизнес администрациялоо боюнча магистратурасынын студенти ż۹ʴý 2025 студенттик изилдөөчүлүк конференциясында мыкты бет ачар үчүн сыйлыктардын бирин жеңип алды

28&Բ;мая&Բ;2025

#SEBA

SEBA окутуучулар жамааты БАМдын студенти Махназ Набизаданы ż۹ʴý 2025 студенттик изилдөөчүлүк конференциясында мыкты бет ачар үчүн сыйлыктардын бирин жеңип алгандыгы үчүн сыймыктануу менен куттуктайт. Анын “Кыргызстандагы төлөнүүчү жана акысыз бекер тажрыйба арттыруулардын этикасы жана эффективдүүлүгү” диссертациясы эксперименталдык окутууну карап чыгууга чакырып, эмгек рыногунун жеткиликтүүлүгү менен жыйынтыктарын иликтеп, билим берүү жана жумуш менен камсыздоо саясатына маанилүү идеяларды кошот.

Махназдын бет ачары анын методологиялык тактыгы, анализдин ачыктыгы жана саясаттын актуалдуулугун белгиленди. Ал өзүнүн изилдөөлөр жана маалыматтарды анализдөөдөгү өсүп-өнүгүүсүнө SEBA окутуучуларынын насаатчылыгы менен колдоосу чоң салым кошкондугун айтып, БАМ программасынын алкагында билим алууга мүмкүнчүлүк жаратып бергендиги үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

“Профессорлордон алган билимдер менен жетекчиилктер менин бул долбоорго карата жол тутуумду калыптандырды. Өзгөчө маалыматтардын анализи жана изилдөөлөрдүн дизайнында. Мен мындай өз ишине берилген академиялык жетекчилиги менен БАМдын келечеги кең деп эсептейм”,- дейт ал.

SEBA бөлүмү анын жетишкендиктери менен сыймыктанат жана студенттерди ийгиликтүү карьерага даярдаган изилдөөлөргө жана кызматташууга багытталган академиялык чөйрөнү өнүктүрүүгө ар дайым умтулуп келет.

<<