Математика ой жүгүртүү искусствосу катары: БААУда мектеп мугалимдери үчүн курстар аякталды
22&Բ;мая&Բ;2025
Өткөн аптада БААУда быйылкы окуу жылынын эсебинен мектептердин математика мугалимдери үчүн жыйынтыктоочу усулдук сабагы өткөрүлдү. Уюштуруучулук милдетти Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын колдоосу менен БААУнун “Колдонмо математика жана информатика” факультети жана Жарандык активдүүлүк борбору аркалашты.
Алгач катышуучуларга БААУнун Жарандык активдүүлүк борборунун аткаруучу директору Нуржамал Карамолдоева куттуктоо сөзү менен кайрылды. Ал борбор математика мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча демилгелерди колдоого кубанычта экенин баса белгилеп, лекцияларга активдүү катышкандыктары үчүн бардык мугалимдерге ыраазычылык билдирди.
Сабактын өзү каныккан жана темалары боюнча ар тараптуу болду. Мугалимдердин өтүнүчү менен анын биринчи бөлүгү стереометрияга арналды. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө мектеп программасында аны үйрөнүүгө сааттар аз бөлүнүп, окуучулар алдында турган милдетти толук түшүнбөй келишет.
БААУнун “Колдонмо математика жана информатика” кафедрасынын улук окутуучусу Елена Бурова стереометрияны түшүндүрүү эмес көрсөтүү жолу менен жеткирүүнү сунуштады. Ал мугалимдерге алдын ала чогултулган блоктордун жардамы менен чогултулуучу оригами принцибин көрсөттү. Мындай блоктордун негизинде ар кандай геометриялык фигураларды чогултууга мүмкүн - пирамида, куб, октаэдр жана башкаларды.
Окуучулар ошол фигуралардын ортосундагы айырмачылыктарды даана көрүшүп, аянты жана көлөмү кандай экенин түшүнүшөт. Ар кандай маселелерди аткарышат. Мугалимдер фигураларды чогултууга шыктануу менен киришип, өз кезегинде бул балдар үчүн кызыктуу жана пайдалуу болорун белгилешти.
Жыйынтыктоочу бет ачар БААУнун “Колдонмо математика жана информатика” факультетинин профессору Сыргак Кыдыралиев, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору Анаргуль Урдалетова жана БААУнун улук окутуучусу Елена Буровалар тарабынан биргеликте даярдалып, “Математиканы үйрөтүү – ой жүгүртүүнү үйрөтүү” деп аталды. Анда өткөрүлгөн бардык сабактардын жыйынтыгы чыгарылып, келечекте эмнелер тууралуу ойлонуу маселеси көтөрүлдү. Алсак, мектептерде математика сабагы кантип окутулуусу керек жана ал үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр каралагандыгы жөнүндө. Мектептердеги математика сабагынын негизги көйгөйү анын реалдуу жашоодон алыстап кеткендигинде болуп, ал жөн гана кошууну жана кемитүүнү үйрөтөт. А чынында математика туура ойлонууну үйрөтүп, өй жүгүртүүнү өнүктүрүүсү керек. Бет ачарда өтүмүштөгү чыгаан окумуштуулар тууралуу кеп болбой койгон жок — Фалес, Пифагор, Рене Декарт, Готфрид Вильгельм Лейбниц. Аталган окумуштуулардын илимий кызыкчылыктары философия, механика, астрономия, физиканы кучагына алган. Эгер философия билимдерге болгон сүйүү болсо, математиканын тили ой жүгүртүүнүн мыйзам-ченемдүүлүктөрүн, принциптерин жана логикасын чагылдыруу үчүн баарынан да туура келет. Жыйынтыгында ой жүгүртүүнүн принциптери менен жаңы билимдерди ачууну чагылдырган математикалык мисалдар көрсөтүлдү.
Усулдук сабактын соңунда мугалимдерге бир жылдык курстан өткөндүгүн тастыктаган сертификаттар тапшырылды. Мугалимдер курстун маанилүүлүгүн белгилеп, бир жылдын аралыгында чыгармачыл, достук атмосферасы калыптанганын жана бул күнүмдүк изденүүлөр үчүн дем-күч берерин айтышты. Алар сабактардын жогорку деңгээлин, салтка айланган темаларга стандарттык эмес өзгөчө ыкмалардын колдонулгандыгын баса белгилешип, Сыргак Кыдыралиевге, Анаргуль Урдалетовага, Елена Буровага ыраазычылык билдиришти. Ошондой эле ыраазычылык сөздөрү саамалыкты ишке ашырууга колдоо көрсөткөн БААУнун Жарандык активдүүлук борбору менен Бишкек шаарынын Билим берүү департаментинин даректерине да айтылды.